Кыргыз чүрөгү: азыр көкүрөгүңдү жасатып эч кимди таң калдыра албайсың

© Фото / Doniel AguirreФилиппиндин борбору Манилада өтүп жаткан "Жер сулуусу" сынагынын катышуучусу Бегим Алмасбекова
Филиппиндин борбору Манилада өтүп жаткан Жер сулуусу сынагынын катышуучусу Бегим Алмасбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык студент Бегим Алмасбекова бир айдан бери дүйнө сулууларынын сынагы өтүп жаткан Филиппинде жүрөт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Филиппиндин борбору Манилада Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өтүүчү сынактардын бири "Жер сулуусу" өтүп жатат. Ага Кыргызстандын атынан 19 жаштагы Бегим Алмасбекова катышууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги мекендешибиз менен маектешип, "экологиялык" сулуулар сынагы башкалардан эмнеси менен айырмалана турганын сурап көрдү. 

Студент Бегим Алмасбекова "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагында экинчи вице-мисс наамын алгандан кийин эл аралык конкурска өлкөнүн атынан катышуу укугун алган. 

— Манилага келгениңизге бир ай болуп калды. Сынак кандай өтүп жатат, айтып бериңизчи? 

— Баары сонун. 94 кыз чогулганбыз. Салтка айланган көрсөтүүлөр менен фотосессиялардан тышкары, ар бирибиз глобалдуу жана аймактык деңгээлде экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча өзүбүздүн эл аралык долбоорлорубуз менен тааныштырышыбыз керек. Жакында маалымат жыйыны болот, анда да биз өз демилгелерибиз менен бөлүшөбүз. Таланттар сынагы, улуттук кийим, бикини сынактары өтүп жатат. 

© Фото / Doniel Aguirre"Жер сулуусу" сынагынын катышуучусу 19 жаштагы Бегим Алмасбекова
19-летняя участница из Кыргызстана Бегим Алмасбекова на конкурсе красоты Мисс Земля - Sputnik Кыргызстан
"Жер сулуусу" сынагынын катышуучусу 19 жаштагы Бегим Алмасбекова

— Баш байге эмне?

— Жеңүүчү "Жер сулуусу" наамын алуу менен, дароо БУУнун Айлана-чөйрөнү сактоо (ЮНЕП) программасын өнүктүрүү боюнча элчиси деп жарыяланат. Башкы наамдан тышкары, дагы мааниси бирдей үч наам бар. Алар: "Суу сулуусу", "Аба сулуусу" жана "От сулуусу". "Сулуулардын" бири болуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. 

— Дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта өлкөнүн атынан чыгуу кыйын бекен?

Участница одного из самых популярных конкурсов красоты Мисс Земля 19-летняя кыргызстанка Бегим Алмасбекова в столице Филиппин, Маниле. - Sputnik Кыргызстан
Бегим Алмасбекова Филиппинде улуттук кийим боюнча сынакта коло медалга ээ болду
— Кыргызстан бул конкурска биринчи жолу катышып жатат, андыктан биздин өлкө кайда жайгашканын түшүндүрүүгө туура келет. Колумдан келишинче элди улутубуздун тарыхы жана маданияты менен тааныштыруудамын. 

— Баарынан эмне кыйын болуп жатат?

— Мен эл аралык сулуулук сынагына биринчи жолу катышып жатам. Манилага жаңы учуп келгенде климаттын айынан, ысыктан бир топ кыйналдым… Азыр баары жакшы, көнүп калдым. 

— "Экологиялык" сынактын башкалардан айырмасы эмне? 

— Мисалы, биз мектептерге барып, балдарга чымын-чиркейлерге каршы спрейлерди тараттык. Филиппинде айрым курт-кумурскалардын чагышынан адам өлүп калат. Бак-дарак тиктик, район-шаарлардын бийлиги менен жолугуп, айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелерди, аларды чечүү боюнча чараларды талкууладык. 

— Эл аралык сулуулук сынагына катышуу үчүн эмне керек?

— Келишкен сын-сыпатың жана англис тилиң болушу зарыл. Бирок дүйнөлүк барктуу сынакка катышуу үчүн алгач өз өлкөңдө жеңишиң керек. 

© Фото / CS Photography studioФилиппиндин борбору Манила шаарында өтүп жаткан сулуулук сынагынын катышуучулары
Филиппиндин борбору Манила шаарында өтүп жаткан сулуулук сынагынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
1/3
Филиппиндин борбору Манила шаарында өтүп жаткан сулуулук сынагынын катышуучулары
© Фото / CS Photography studioКыргызстандык Бегим Алмасбекованын сахнадагы учуру
Кыргызстандык Бегим Алмасбекованын сахнадагы учуру - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстандык Бегим Алмасбекованын сахнадагы учуру
© Фото / Doniel AguirreАлмасбекова эл аралык сынакка катышуу үчүн Кыргызстанда өткөн конкурста экинчи вице-мисс аталып, жолдомо утуп алган
Алмасбекова эл аралык сынакка катышуу үчүн Кыргызстанда өткөн конкурста экинчи вице-мисс аталып, жолдомо утуп алган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алмасбекова эл аралык сынакка катышуу үчүн Кыргызстанда өткөн конкурста экинчи вице-мисс аталып, жолдомо утуп алган
1/3
Филиппиндин борбору Манила шаарында өтүп жаткан сулуулук сынагынын катышуучулары
2/3
Кыргызстандык Бегим Алмасбекованын сахнадагы учуру
3/3
Алмасбекова эл аралык сынакка катышуу үчүн Кыргызстанда өткөн конкурста экинчи вице-мисс аталып, жолдомо утуп алган

— Мындай сынакка катышуучулардын "табигый" болушу канчалык маанилүү? Кыздар пластикалык хирургдун кызматынан пайдаланып, ар түркүн "сулуулук ийнелерин" сайдырып алышат эмеспи… 

— Табият берген сулуулук дайыма баалуу. Азыр эриндериңди калбыйта ийне сайдырып, же көкүрөгүңдү жасатып алып эч кимди таң калдырбайсың. Бул жерде андайлар аз.

— Кыргызстанга кайтып келгенде эң биринчи эмне кыласыз?

— Өз жеримди, айрыкча биздин улуттук тамактарды аябай сагындым. Бул жерде деле тамак-аш даамдуу, бирок биздикине жетпейт. Үйгө барарым менен, баарынан мурун кыргыз тамактарынан бирди заказ кылам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0