Жээнбеков тик учактын кыйрашына байланыштуу Медведевге көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылууда өкмөт башчынын курман болгондордун туугандарына көӊүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай тургандыгы айтылат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге тик учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Россиянын Ямал-Ненецкий автономдуу аймагында Ми-8 тик учак кулаган. Анын ичиндеги 22 жүргүнчүнүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн ичинен үч адам гана аман калган.

"Россия федерациясынын Ямал-Ненец автономиялуу округунун аймагында тик учактын кыйрашынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуунун сонуңда Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун туугандарына көӊүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай тургандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0