Илимпоздор улгайганда инфаркттан аман калуунун сырын ачты

Жазылуу
Илимпоздордун берген кеңештеринен улам, эгер адам жүрөк жана нерв ооруларынан алыс болом десе, бир жумада жок дегенде 150 мүнөттө дене-бой көнүгүү жасап турушу абзел.

БИШКЕК, 23-окт — Sputnik. Жаш өткөн убакта инфаркттан жана инсульттан эң жөнөкөй ден-бой көнүгүүлөрдү жасоо менен сактануу жолдорун канадалык кардиологдор айтып чыкты. Бул тууралуу Journal of Cardiopulmonary Rehabilitation and Prevention журналы жазганын РИА Новости билдирди.  

"Бул жүрөк оорулуу адамдар үчүн жакшы жаңылык. Алар кичине болсо да ден-бой көнүгүүлөрдү жасоо менен инсульт жана инфаркт ооруларынын пайда болушун алдын ала алышат. Ал үчүн спорт менен эртеден кечке машыгуунун деле кажети жок", — деп билдирди Канаданын Монреаль университетинен Дэниел Курнье.

Шпагатка отурган 71 жаштагы аксакал Жан-Клод Ван Даммга чакырык таштады - Sputnik Кыргызстан
Ван Даммдан өтүп шпагатка отурган 71 жаштагы ат-башылык аксакал сырын айтты
Курнье жана анын кесиптештери инсультту жаңы эле башынан өткөргөн 40тай аялга жана 200дөй карыган эркектерге жана атайын тажрыйба жүргүзүп көрүшкөн. 

Эксперимент учурунда бардыгы машыгуу залынан велосипедди кайра тээп көргөн. Илимпоздор кайрадан ар биринин жүрөгүн жана башка денедеги органдарын текшерип көрүп жакшы жыйынтык берээрин далилдешкен.

"Медициналык практикабызда биздин кардиологиялык борборубузга жөнөкөй эле дене-бой көнүгүүнү жасабаган адамдар көп келет. Бул алардын ден соолугуна жаман таасир этет жана мындан ары көйгөй жаратышы мүмкүн", — деди дагы бир макаланын автору Максим Кару.

Илимпоздордун берген кеңештеринен улам, эгер адам жүрөк жана нерв ооруларынан алыс болом десе, бир жумада жок дегенде 150 мүнөттө дене-бой көнүгүү жасап турушу абзел.

Жаңылыктар түрмөгү
0