Эмигрант, де-факто, импичмент — дипломаттык терминдердин кыргызча мааниси

Жазылуу
Гезит, теле-радио берүүлөрүнөн импичмент, делимитация, редемаркация деген сыяктуу терминдерди арбын окуп, уксаңыздар керек. Бирок алардын кыргызча маанисин туура түшүнөсүзбү?

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik, Айида Батырбекова. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында дипломаттык терминдердин кыргызча маани-маңызын чечмелеп берүүнү туура көрдүк. Буга Мамлекеттик тил комиссиясы жардамга келди. 

Атташе — кызмат орун. Дипломатиялык кызматкердин рангы.

Вето — "veto" латын тилинен которгондо "каршымын", "тыюу салам" же каршы добуш берүү дегенди билдирет. Мисалы, ал вето укугун пайдаланып каршы добушун бере алат.

Виза — мамлекеттен сырткары чыгуу уруксаты көрсөтүлгөн паспорттогу белги.

Делимитация границ — чек араларды делимитациялоо. Мамлекеттер ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чек ара сызыгынын жалпы багытын аныктоо. 

Демаркация границ — чек араларды демаркациялоо. Мамлекеттик чек араны атайын чек ара белгилери менен белгилөө.

Денонсация — келишимден мыйзамдуу чыгуу. Мамлекет тарабынан түзүлгөн макулдашууну жокко чыгаруу.

Мусулмандар намаз убагында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Гусул, даават, замзам, азирет — диний сөздөрдүн кыргызча маанисин билесизби?
Де-факто — эл аралык укук таануу дегенди билдирет. Бул термин таанып жаткан мамлекет таанылып жаткан мамлекеттин эффективдүүлүгүнө жана жөндөмдүүлүгүнө толук ишенбеген кырдаалдарда пайдаланылат. 

Импичмент — жарандык кызматтык орундагы адамдардын, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн өз мекенине чыккынчылык кылуусу. Паракордук жана башка дагы оор кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылуусу үчүн пайдаланылган процедура. 

Нота — өкмөттүк документ. Дипломатиялык иш алып барууда бир өлкөнүн башка өлкөгө расмий кайрылуусу. 

Паритет — теңдештик, бирдей абал. Эл аралык мамилелерде тараптардын тең өкүлдөрүнүн катышуусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Петиция — жамааттын атынан бийликке өтүнүч жөнөтүү.

Послы нерезиденты — атайын бекитилген документсиз элчи.

Посланник — кичи элчи, өкүл (шайланып жиберилген адам). 1961-жылдагы дипломатиялык катыштар жөнүндө Вена конвенциясында белгиленгендей экинчи класстагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы. 

Ратификация соглашения — макулдашууну бекитүү. 

Редемаркация границы — чек араны редемаркациялоо. Зарыл учурда мамлекеттик чек аранын аныкталган сызыгын калыбына келтирүү. 

Ротация — орун алмаштыруу. Кызматкерлерди узакка созулган иш сапарга жөнөтүү жана андан чакырып алуу процедурасы. 

Экипировка — дипломатиялык кызматкерлердин кийими. 

Эмигрант — өз өлкөсүнөн башка өлкөгө туруктуу жашоого чыгып жаткан адам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0