Бишкектин эки жаңы конушуна мектеп курулат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых комплексов в Новгородской области
Строительство жилых комплексов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын эки жаңы конушунда мектеп курулуштары башталса, дагы эки конушта аягына чыгып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ак-Ордо" жана "Мурас-Ордо" жаңы конуштарына мектеп куурулса, "Кара-Жыгачтагы" мектеп оңдолуп калабына келтирилип жатканын мэрия билдирди.

Занятия в общеобразовательной школе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы менчик мектептерди салыктан бошотуу сунушталды
Маалыматка ылайык, "Ак-Ордо" конушунда 960 орундуу мектептин курулушу башталды. Ал эми "Мурас-Ордодо" 550 орундуу мектептин курулушу пландаштырылууда. Учурда котлован жана башка жер жумуштары үчүн тендер жарыяланды.

Мэрия мындан тышкары "Кара-Жыгач" конушундагы мектептин оңдоо иштери ушул жылдын соңунда аягына чыгарын, ал эми "Калыс-Ордодогу" мектептин курулушу жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0