Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды

© Фото / Александр ФедоровБишкек — Ош унаа жолундагы унаа. Архив
Бишкек — Ош унаа жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кан жолго жааган кардан улам жүк ташуучу унааларга чектөө коюлган болчу.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолуна киргизилген чектөө алынганын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-октябрында саат 16:00дө Бишкек — Ош унаа жолунун 127-128 чакырымдарында кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан унаалардын каттамына оорчулук жаралган. Ошол себептен оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилген.

Билдирүүдө азыркы убакта бардык унаалар үчүн жол каттамы ачык экени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0