Атамбаев адам өмүрүн алган авиакырсыктан улам өзбек бийлигине көңүл айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа
Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-октябрда Фергана облусунун аймагында Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Ми-171 тик учагы пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулап түшкөн. Анын кесепетинен үч учкуч жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн алты аскери каза болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге 18-октябрда адам курмандыктарына алып келген тик учактын кыйрашына байланыштуу көӊүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Эскертсек, 18-октябрда Фергана облусунун аймагында Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Ми-171 тик учагы пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулап түшкөн. Анын кесепетинен үч учкуч жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн алты аскери каза болду.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам. Колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм", — деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Өзбек бийлиги бул кырсыктын жоо-жайын иликтей турган атайын комиссия түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0