Карамушкина: көзү ачыктар менен бүбү-бакшыларды жоопко тартуу керек

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Ирина Карамушкина
Депутат Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина көз ачыктардын ишмердүүлүгү бүгүнкү күндө чоң бизнеске айланып кетти деген пикирде.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Көзү ачыктарды жоопко тартуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Анын айтымында, көз ачыктар элди алдап, аны өзүнчө бизнеске айлантып алышкан. 

"Көзү ачыктар менен бүбү-бакшылар ачык эле телеканалардан өзүлөрүн жарнамалап жатышат. Аларга ишенген карапайым элдин тагдыры талкаланган учурлар толтура. Андыктан Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте көзү ачыктардын уюгун аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек", — деди депутат.

Карамушкина элдин көзү ачыктардан, бүбү-бакшыдан жабыркаган бир нече учурларын мисал келтирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0