Өкмөт үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программа иштеп чыкты

Жазылуу
Эксперттердин маалыматы боюнча ажырашуунун себеби — эмгек миграциясы.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы астында калкты социалдык жактан коргоо жана балдардын укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында 2017-2027-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча комплекстүү программа сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мужчина в деревне у забора. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жакыр кыргызстандыктар тууралуу 15 факты
Аталган программанын башкы максаты — Кыргызстанда үй-бүлө институтунун өнүгүшүнө шарт түзүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда катталган дээрлик ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Эксперттердин маалыматы боюнча ажырашуунун себеби — үй-бүлөнү жана никени бузуп жаткан эмгек миграциясы. Ошондой эле өлкөдө 18 жашка чейин эрте эне болуу көрсөткүчү өскөн.

"Программанын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, балдарга карата корс мамиле жана зомбулукту жоюу боюнча системаны өздөштүрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, ата-энесинин камкордугусуз калган тобокелдик тобундагы балдарга кызматты үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана социалдык жактан аларды колдоо — негизги максат", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, медициналык жардам көрсөтүү жана убагында пенсия менен камсыз кылуу каралган. Жашы өткөн жарандардын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча комплекстүү программанын керектиги айтылды. Жыйын соңунда Кудайбердиева ушул жылдын аягына чейин жумушчу топ түзүп, аларга өлкөдөгү улгайган жарандарды колдоо боюнча программанын долбоорун сунуштоосун тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0