Көр азабы. Эки метр жер буюрбаган эне үч жолу көмүлдү

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМусулмандар мүрзсөсү. Архив
Мусулмандар мүрзсөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Бука районунда христианчылыктын баптист агымын карманган кемпирдин сөөгүн жерге берүүдө жергиликтүү тургундар арасында пикир келишпестиктер чыкты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сары-Таш айылында 13-октябрда христианчылыктын баптист агымын карманган 76 жаштагы кемпир каза болгон. 

Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар айылдагы мүрзөгө койдурбай коюшкан. Бир топ талаш-тартыштан кийин маркумдун сөөгү Өрүктү айылында жерге берилген. Бирок бул айылдын да жашоочулары нааразычылык көрсөткөндө каза болгон жарандын туугандары сөөктү казып алышкан. Ошентип жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен 17-октябрда маркум Ала-Бука районундагы башка жерге үчүнчү жолу жашырылган

Муфтият эмне дейт?

Бул окуя элди бир топ дүрбөлөңгө салып, түрдүү пикирлерге жем таштады. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтогазы уулу окуя боюнча буларга токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алмазбек Атамбаев: дин менен маданиятты алмаштырбагыла
"Негизинен маркумдун жерге берилген сөөгүн казып чыгаруу туура эмес. Бирок Жалал-Абадда болгон окуя башкача болуп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча маркумду жерге берерге чейин анын кайсыл динди тутунары билинген эмес. Ал жерге берилгенден кийин билинип, жергиликтүү тургундар аны башка жакка көмгүлө деп чыгышкан. Негизинен Кыргызстанда түрдүү динди тутунгандардын сөөгү бир жерге башынан эле коюлбайт. Бул боюнча муфтият мурда эле фатва чыгарган. Жогоруда сөз болуп жаткандай окуя чыкпашы үчүн маркумдун кайсыл динди карманып келгенин алдын ала билип алуу керек", — дейт муфтияттын фатва бөлүмүнүн өкүлү.

Ал эл арасында келишпестиктердин алдын алуу үчүн тийиштүү органдар атайын жер бөлүп бериши керек эле деп кошумчалады.

Православдык чиркөөнүн түшүндүрмөсү

КР түштүк өрөөнүнүн православдык чиркөөсүнүн башчысы, протоиерей Виктор Реймген кыргыз христиандарын жерге берүүдөгү көйгөй көп жылдан бери эле уланып келгенин билдирди. Ал Ала-Букада болгон окуядан кабары бар экенин айтты.

"Ала-Бука, Кербенде биздин сыйынуучу жайларыбыз жок. Майлуу-Суу менен Кара-Көлдө чиркөө бар. Мен Жалал-Абаддагы өкүлгө маркумду жерге берүүдө христиандар арасындагы каршы болгондор болуп-болбогонун тактоону тапшырдым. Себеби, интернетте бир гана мусулмандар эмес, христиандар да каршы болгонун жазып жатышат", — дейт Реймген.

Ал ошондой эле бул нерсени чагымчылдар ырбатып жибериши мүмкүн экенин айтат. Протоиерей мусулмандар менен христиандардын ортосунда дин боюнча пикир келишпестиктер болбогонун кошумчалап, имамдар менен такай жолугушуулар болуп турарын баса белгиледи.

Реймген башка динди кабыл алган кыргыздарды жерге берүү боюнча ага баптисттер менен протестанттардын өкүлдөрү келгенин кабарлады.

"Биз бул маселени талкуулаганбыз, православдык чиркөө аларды орус христиандарынын бейитине көмүүгө уруксат берген. Бул жерде көйгөй жараткан дагы бир жагдай кыргыз-баптисттер өздөрү жашаган аймакка көмүлгүсү келет. Дал ушул нерсе маселе жаратып жатат. Анткени сөөктү эч ким алыс алып барып көмгүсү келбейт экен", — дейт Реймген.

Ал 76 жаштагы кемпирдин бир нече жолу жерге берилиши кордук жана маркумду сыйлабастык экенин баса белгиледи.

"Бул жагдайды жакшы иликтеш керек. Айрым учурда айыл тургундары имамдардын айткандарына карабай эле каршы боло беришет. Аларды укпай туура эмес чечмелөөлөр менен түшүнүп алышат. Албетте, түрдүү дин өкүлдөрүн бөлөк-бөлөк коюу керек, бирок маркумдун сөөгүн улам казып алып кайта көмүү дагы болбойт", — дейт христиан дин өкүлү.

Милиция да жөн отурган жок

Учурда эл арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Азыр жагдай тынч. Жергиликтүү бийлик, милиция, имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди Осмонбаев.

Маселе райондук деңгээлде талкууланды

Ал эми Ала-Бука район акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева бүгүн бул маселе боюнча райондо чоң жыйын болгонун айтып, ага тиешелүү бардык органдар катышканын баса белгиледи.

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
"Райондогу чоң жыйынга Жалал-Абад облусунун казыятынын имамы, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары келди. Ошондой эле мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Дин иштери боюнча агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн жана ИИМдин облустук 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Андан сырткары, райондогу бардык айыл өкмөт башчылар менен тургундар келди", — дейт Үсөнбаева.

Ал ошондой эле райондун аймагындагы христиандардын көрүстөнү менен жеринде таанышуу болуп, аны мусулмандардын мүрзөсүнөн атайын тосмо менен бөлүү керектигин айтылганын билдирди. Себеби, мусулмандар менен христиандардын мүрзөсүнүн аралыгы билинбей калган.

Үсөнбаева учурда 76 жаштагы кемпирдин сөөгү коопсуз жайга көмүлгөнүн айтып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Башка диндин өкүлүн жерге берүүдө бул чыгып жаткан биринчи көйгөй эмес. Ушундай эле окуя Ала-Бука районунда алты жыл мурда катталган. Андан сырткары, 2008-жылы Нарын облусунда да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0