Курсан Асанов: 2 миңден ашуун КР жараны эл аралык издөөдө жүрөт

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЗаместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан
Заместитель МВД КР по южному региону Асанов Курсан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде издөөдө жүргөн 228 кылмышкер кармалганын кошумчалады.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүнкү күндө 2191 кыргыз жараны кылмышка шектүү катары эл аралык издөөдө жүрөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Аталган маселе ЖКда "Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. 

"Учурда 2191 жаран эл аралык издөөдө жүрөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде 228 кылмышкер кармалды. Учурда аларды экстрадициялоо иштери жүрүүдө", — деди Асанов.

Айрым депутаттар кылмышкерлерди экстрадициялоодо көп көйгөйлөр бар экенин айтып, өкмөт өкүлдөрүнө маселени чечүү тапшырмасын беришти.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын 1946 жараны чет өлкөдө абакта жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0