Акыйкатчы институту аскерлердин укугуна басым жасайт

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенная обязанность граждан КР
Военная обязанность граждан КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскерлерге болгон доомат көбөйгөндүктөн чакан бөлүм түзүү чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Акыйкатчы институтунда аскерлердин укугун коргой турган сектор түзүлгөнүн аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Капчыктан акча алып чыгып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: ата-энелерден акча чогулткан №42 мектептин жетекчилиги жазаланды
Мындай секторду түзүү аскерлердин укугу бузулуп жаткан фактылардын көбөйүп жаткандыгы себеп болгон.

Аскердик кызмат мамлекеттик кызматтын ичинде өзгөчө орунда турат. Арыздардын көп түшүп жатканынан улам акыйкатчы Кубат Оторбаев бул жаатта иш алып бара турчу чакан бөлүм ачуу чечимин кабыл алганын маалымат кызматы баса белгиледи.

Бул тармак аскерлердин укугу, турак-жай маселеси, маянасы, иштеген жылдары сыяктуу маселелери боюнча иш алып барат. Ошондой эле жоокерлердин аскердик милдет өтөөсүнүн шарттары, алардын тамактануусу жана формасы өңдүү көйгөлөрдү да карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0