Диний ликбез: Баткендин бир нече жеринде аялдар үчүн семинарлар өткөрүлөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусульмане Казани отмечают начало священного месяца Рамадан
Мусульмане Казани отмечают начало священного месяца Рамадан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуулар Кызыл-Кыя, Баткен, Исфана, Сүлүктү шаарларында уюштурулат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондусу жана Баткен облустук мусулмандар казыяты "Улуттук маданият, илим жана дин" долбоорунун алкагында Баткен облусунда аялдар үчүн атайын семинарларды өткөрөт. Бул тууралуу Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Окутуулар Кызыл-Кыя, Баткен, Исфана, Сүлүктү шаарларында уюштурулат.

"Баткен облустук казыяты менен биргеликте Баткен облусунун шаар, райондордун аймагындагы аялзатынын исламдагы ордун жана маани-маңызын түшүндүрүү максатында жолугушуу лекцияларын өткөрөт. Лекциялар Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов тарабынан "Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты" аталышында лекция жана суроо-жооп форматында болмокчу", — деп айтылат таратылган маалыматта. 

Иш-чара бекитилген графиктин негизинде райондук мамлекеттик администрациялардын чоң жыйындар залында өткөрүлөт. 

Баткен облустук казыятынан лекцияга бардык каалоочулар катыша аларын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0