Мушташып кеткен "Тазалыктын" жумушчусу менен салыкчы жарашты

© AFP / FABRICE COFFRINIОбсуждение сирийского кризиса в Женеве
Обсуждение сирийского кризиса в Женеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыз жазган тараптар тосмо арыз берип, бири-бирин кечиришкен.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кара-Суу шаарындагы "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Эркин Алмакеев менен салык кызматкери Ариет Мамажакыповдун мушташы боюнча териштирүү токтотулду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди. 

Анткени арыз жазган тараптар тосмо арыз берип, бири-бирин кечиришкен. Буга чейин мушташкан эки тарап тең бири-биринин үстүнөн доо арызы менен Кара-Суу райондук милициясына кайрылган. 

"Мындан сырткары, "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Эркин Алмакеевдин жубайы да зордуктоого аракет кылган деп Ариет Мамажакыповдун үстүнөн жазган арызына кайрадан тосмо арыз жазды. Аты аталган үч жаран тең медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Кара-Суу РИИБи тарабынан бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, бирок кылмыш иши козголо элек болчу", — деп билдирди Ашырбаев. 

Ош облустук ИИБдин өкүлүнүн маалыматында тосмо арыздардан кийин Кара-Суу райондук милициясы териштирүү иштерин токтотту.

"Тазалыктын" кызматкери менен салыкчынын мушташынын чоо-жайынын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0