Принц Ага Хан IV "Данакер" ордени менен сыйланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVгө "Данакер" орденин ыйгарууда
КР президенти Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVгө Данакер орденин ыйгарууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сыйлык канзааданын коомдук ишмердиги жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн берилди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө иш сапары менен келген Принц Карим Ага Хан IV менен жолугуп, ага "Данакер" орденин ыйгарганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, канзаадага аталган сыйлык коомдук ишмердиги жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн берилди.

"Колдооӊуз жана активдүү коомдук ишиӊиз үчүн, Кыргызстандын айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгыӊыз үчүн сизге бүт Кыргызстан элинин атынан ыраазылык айтам", — деди Атамбаев. 

Алмазбек Атамбаев Александр Невский ордени менен сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев Александр Невский ордени менен сыйланды
Мамлекет башчысы ошондой эле Чоӊ жана Кичи Памирдеги кыргыздарга такай көрсөтүп келаткан колдоосу үчүн ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Ага Хан IV жылуу кабыл алып жана жогорку мамлекеттик сыйлык тапшыргандыгы үчүн президент Атамбаевге алкыш билдирди. 

Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев менен Принц Карим Ага Хан IV Кыргызстан менен Ага Хан уюмунун ортосундагы кызматташтыктын маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдү талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0