Кичинекей балдарын мушташтырган аталар эки айга камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактын эшигин бекитип жаткан кызматкер, архив
Абактын эшигин бекитип жаткан кызматкер, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын тургундары уулдарынын мушташтырган видеосу интернетте тарап, ал коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылында 6-7 жаштагы уулдарын мушташтырган эки атанын аракети Өзгөн райондук сотунда каралып, алар 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош облусттук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Мушташкан эки баланын бири 6 жаштагы Даутбектин апасы Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылынын тургуну Хилола Токторова - Sputnik Кыргызстан
Видеодогу баланын энеси: баламды акчага "короз уруштурган" сыяктуу мушташтырган эмес
Буга чейин Кыргызстандагы социалдык тармактарга кичинекей балдардын бири-бирин уруп, канжалата мушташып, ал эми аларды чоңдордун кубаттап турган видеосу тараган. Милиция видеодогу балдардын жана кишилердин ким экендигин 8-октябрда аныктап чыккан.

Кошумчалай кетсек, 12-октябрда уулдаран мушташтырган аталар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аларга карата Кылмыш Кодексинин 156-беренесинин ("Жашы жетпегендерди кылмыш жасоого тартуу"), 161-беренесинин ("Жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") жана 234-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда Өзгөн райондук прокуратурасы жана РИИБ иликтөө иштерин улантып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0