Азамат Жаналиев Путиндин портретин өзүнө тапшырууга ниеттенүүдө

© Фото / Азамат ЖаналиевИзготовление портрета Владимира Путина в стиле "String art"
Изготовление портрета Владимира Путина в стиле String art - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жаналиев Москва шаарына келди.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Россиянын президенти Владимир Путиндин мык жана жип менен тарткан портретин өзүнө тапшыруу үчүн Москвага келгенин өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Россиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнүнө карата анын жаш кезиндеги сүрөтүн мык жана жип менен тарткан болчу. 7-октябрда Путин 64 жашка толгон.

"Азыр сүрөттү алып Москва шаарына келдим. 8-октябрда жазган катыма 10-октябрда жооп беришти. Бул мен үчүн абдан кубанычтуу жооп болду. Эми экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин Россиянын президентинин жеке китепканасына берилет экен. Буюрса Путиндин өзүнө белекти тапшырганга аракет кылам", — дейт Жаналиев.

Путиндин портретинин көлөмү — узуну 2,5 метр, туурасы 1,25 метр.

Эскертсек, Азамат Жаналиев "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун алкагында бир нече чет мамлекетти 5-7 жылдын ичинде кыдырып чыгат. Россияга келгенде ал Петр биринчинин портретин тарткан эле. Ага чейин Чыңгыз АйтматовАлмазбек АтамбаевАхмад Кадыровдун портреттерин тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0