Актер Азиз Мурадиллаев операция жасатуу үчүн Москвага кетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовИнтервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал бүгүн анализ тапшырат. Андан соң качан операция жасалары белгилүү болот.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Атактуу актер Азиз Мурадиллаев операция жасатуу үчүн Москвага учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине актердун жубайы Эльвира Жумалиева билдирди. 

Эскерте кетсек, буга чейин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова таланттуу актер Азиз Мурадиллаевге жардам керектигин жазган. Анын бул демилгесин башкалар да колдоп, актерге акча чогултуу жараяны башталган болчу. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы актерге жардам берүү маселесин талкуулашкан

"Азиз операция жасатуу үчүн Москвага жөнөп кетти. Бүгүн эртең менен Москва убактысы боюнча саат 8де анализ тапшырышы керек болчу. Андан соң качан операция жасалары белгилүү болот. Аны апасы Анара Садыгалиева жана бир дарыгер коштоп кетти", — деди Жумалиева.

Маалыматтарда Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлганы айтылууда.

Айта кетсек, Мурадиллаевдин операциясы үчүн президент 500 миң сом бөлгөн. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын которуу демилгесин көтөрүшкөн. Мындан сырткары, актердун кесиптештери 25-октябрь күнү кайрымдуулук концертин өткөрүүгө ниеттенишүүдө. 

Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур
Таланттуу актер 1978-жылы 12-июнда Фрунзе шаарында актерлордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык училищени аяктаган. Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты" жана башка жалпысынан 40тан ашуун спектаклдерде роль жараткан. Мындан сырткары "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" жана башка тасмаларда роль жараткан. 

Атасы Үсөн Мурадиллаев, апасы КРдин эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиевалар көп жылдар бою театрда эмгектенишкен. Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0