Бишкектин бир катар бөлүгү 5 саатка муздак суусуз калат

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в фото — Баткенская область
Народ Кыргызстана в фото — Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу түтүктөрүнө жасала турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир катар бөлүгүндө муздак суу беш саатка өчүрүлөрүн мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, суу эртең менен саат 9.00дөн 17.00гө чейин токтотулат. 

"Суу берүү Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрү менен темир жол линиясынын чектешкен аймагында токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу түтүктөрүнө жасала турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0