Күбө: Кайгуул милициясынын унаасы жол эрежесин бузду

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы, архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясынын 602 АА мамлекеттик номерлүү унаасы буга чейин ИИМ тарабынан көпчүлүктүн назарына тартууланган. Анын ичине унаа токтотууда эреже бузгандарды каттай турган мобилдик түзүлүш орнотулган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кайгуул милициясынын 602 АА номерлүү унаасы жол эрежесин бузуп, экинчи катардан солго бурулуп кеткен. Бул тууралуу WhatsApp-канал аркылуу окурман билдирди.

Анын айтымында, окуя 14-октябрь күнү Ахунбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тыгын учурунда болгон.

"Өтө акылдуу болуп, экинчи катардан солго бурулуп кетти", — деди күбө.

Окурман ал унаа токтотууда эреже бузгандарды каттай турган мобилдик түзүлүш орнотулган машина экенин белгиледи. Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ дал ушул машинаны эл назарына тартуулаган.

Жол кайгуул кызматкеринин унаасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол эрежесин бузган милиционер айыпка жыгылды
Бишкектин тургуну жол эрежесин бузгандарды жоопко тартууну өтүнгөн.

Ал эми ИИМдин маалымат борборунун башчысы Алмаз Бообеков аталган факт тастыкталса, айдоочуга административдик жаза колдонуларын билдирди. Азырынча ал аталган унаанын атайын түзүлүш менен жабдылганын тактаган да, жокко чыгарган да жок.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0