Жаш окумуштуулар токой чарбасы боюнча конференцияга чогулат

© Фото / Влад УшаковАрашан капчыгайы, архив
Арашан капчыгайы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимдер академиясы Кыргызстандын токойлору өзүнүн ар түрдүүлүгү, татаал структурасы менен Орто Азия чөлкөмүндө жаратылышты коргоодо өзгөчө орунду ээлей турганын белгилейт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-октябрь күндөрү Улуттук илимдер академиясында "Евразия токойлору — Тянь-Шандын бермети" деп аталган жаш окумуштуулардын Эл аралык XVI конференциясынын ачылышы өтөт. Бул тууралуу аталган академия билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы иш-чара Кыргызстанда токой илимин негиздөөчү, атактуу окумуштуу Петр Гандын 100 жылдыгына арналган. 

"Бул конференциянын бул жерде өтүүсү кокустук эмес, себеби Кыргызстандын токойлору өзүнүн ар түрдүүлүгү, татаал структурасы менен Орто Азия чөлкөмүндө жаратылышты коргоодо өзгөчө орунду ээлейт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Көкөмерен өрөөнүнөн тартылган укмуштуу сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Көкөмерен өрөөнүнөн тартылган укмуштуу сүрөттөр
Өткөрүлчү конференциянын негизги максаты – жаш окумуштууларды жаратылышты пайдалануунун ар түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктери менен Тааныштыруу. Андан сырткары токой чарбасын жүргүзүүдө экология жагынан зыян келтирбөө үчүн биология, генетика жана биохимия тармагындагы акыркы жетишкендиктерди пайдалануу. 

Мындан тышкары, окумуштуулар токой экосистемасынын, Тянь-Шань токой өсүмдүктөрү өскөн зонадагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун инновациялык методдорун колдонуу, Кыргызстандагы токойдун жыгач эмес, жыгач продукциясын, алардын калдыктарын иштетүү технологиялары менен таанышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0