Аксыдагы селден жабыркагандарга жер тилкеси бөлүнөт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүҮй курууга бөлүнгөн жер тилкеси, архив
Үй курууга бөлүнгөн жер тилкеси, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына токтомдун негизинде жер бөлүү тапшырмасы берилди.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын 2016-жылдын май айындагы селден жабыркаган тургундарына турак жай куруу үчүн жер тилкеси берилет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуш жерлери" категориясына которуу жөнүндө токтомго кол койду. 

Бул документ Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын селден жабыркаган тургундарына жер тилкесин берүү максатында кабыл алынган. 

Телефонго тартып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырсык тууралуу ӨКМге смартфондон билдирүү жөнөтүүгө жол ачылды
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү, жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоо жүктөлдү. 

Эске салсак, Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын тургундары менен жолугуп, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышкан. 

Анда жергиликтүү тургундардын негизги талабы катары турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү маселеси көтөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0