ӨКМ: Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар

Жазылуу
Чектөө жүк ташуучу унааларга гана тиешелүү. Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу ачык, ашууларда эч кандай кыйынчылык жок.
Элмира Шерипова: айдоочулар алыскы жолго керектүү шаймандары менен чыгышы керек

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кечээ, 13-октябрь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда оор жүк ташуучу беш унаа чыга албай, автомашиналардын тыгыны жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди. 

Анын айтымында, Жайыл районунун Жол тейлөө башкармалыгынан үч техника тартылып, түнкү саат 2де жол кыймылы калыбына келтирилген. 

Шерипова кечээ саат 17.00дөн баштап Бишкек — Ош жолундагы "Сосновкадан" Токтогул районундагы "Арал" өткөрүү пунктуна чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгенин белгиледи. 

"Жеңил унаалар ээн-эркин өтүп жатат. Чектөө оор жүк ташуучу унааларга гана тиешелүү. Чектөөнүн качан алынары азырынча белгисиз", — деди Шерипова.

Анын айтымында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу ачык, Долон баштаган ашууларда эч кандай кыйынчылык жок.

ӨКМ өкүлү алыскы жолго чыга турган айдоочуларга унаалардын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0