ТИМ: чет жакта 1946 кыргызстандык соттолгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСоттолгон жаран. Архивдик сүрөт
Соттолгон жаран. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолгондордун басымдуу бөлүгү Россияда.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Чет жакта түрдүү кылмыштарды жасап 1946 кыргызстандык жаран соттолгонун Тышкы иштер министринин өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Красноярскиде кызын өлтүргөн кыргызстандык аял 12 жылга соттолду
Учурда парламентте "Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Иран Ислам республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда.

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун чет жакта КРдин канча жараны соттолуп жатканына кызыкты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү эң көп соттолгондор Россияда экенин билдирди.

"Россияда түрдүү кылмыштарды жасаган 1508 киши соттолгон. Казакстанда — 359, Тажикстанда — 27, Украина менен Белоруссияда — 4, Кытайда — 18, Германияда — 15, Түштүк Корея менен Араб эмирлигинде — 2 киши жазага тартылган", — деди ал.

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова чет жакта соттолгондорду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтты.

"2015-жылы 47 киши Кыргызстанга кайтарылган. Быйылкы жылдын тогуз айында 38 киши экстрадицияланды. Учурда да башка жарандарды алып келүү боюнча материалдар каралып жатат", — деди. 

Усманова экстрадициялоо соттолгон жарандын өзүнүн каалоосу менен ишке ашырыла турганын айтты. 

Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0