Кесиптештеринен "өзүнүн сойкуларын" калкалаган милиционер иштен куулду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы жана дубинкасы, архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана дубинкасы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда сойкулардын кармалышына нааразы болгон милиция кызматкеринин видеосу ызы-чуу жараткан.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБнин жетекчилиги №10 милиция бөлүмүнүн башчысы чуулгандуу видеодон улам кызматынан бошотулганын билдирди.

Куурчак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Мармарисинде сойкулук кылган эки кыргыз кыз кармалды
Буга чейин социалдык тармактарда аталган жетекчинин бир сойкуну калкалап, өз кабинетинде кол алдындагы кызматкерлерди урушуп жаткан видеосу тараган. Бул коомдо катуу талкууга себепчи болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө видео үстүбүздөгү жылдын 15-майында тартылып алынганы такталды.

Буга карабастан шаардык милиция кызматтык териштирүү жүргүзүп, аталган кызматкер дисциплинардык жазага тартылган. Кийинчерээк ИИМдин ички коопсуздук кызматы кайрадан иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен бөлүм башчы кызматынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0