Бишкек шаарына эки күндөн кийин жылуулук берилет

© flickr.com / Mark TurnauckasЖылуулук түрмөгүнүн алдында отурган мышык. Архивдик сүрөт
Жылуулук түрмөгүнүн алдында отурган мышык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ӨКМ 14-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрө турганын маалымдаган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Шаардыктарга жылуулук 14-октябрдан тарта бериле турганын Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Мэр "кыш жакындап калды" деп айтып, жылуулукту 14-октябрдан тарта бере баштоону тапшырды", — деп маалымат кызматтан кабарлашты.

Октябрь айынын башында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөргөн. Күн сууктай түшкөндүктөн шаардыктар жылуулук качан берилерине кызыгып баштаган.

Ал ортодо ӨКМ 14-октябрдан тарта аба ырайы өзгөрүп, үшүк жүрө турганын билдирген.

Ошондой эле 1-ноябрга чейин жылуулук берилиши мүмкүндүгүн калаа башчысы да маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0