Бишкектин Кайгуул милиция кызматкерлери ачык-жашыл чыптама кийишет

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаанын Кайгуул милиция кызматкерлери ачык-жашыл чыптама кийип турат
Борбор калаанын Кайгуул милиция кызматкерлери ачык-жашыл чыптама кийип турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек Кайгуул милициясы аталган кадам кызматкерлердин коопсуздугу үчүн жасалганын айтышууда.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Кайгуул милиция кызматкерлери ачык-жашыл чыптама кийишет. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул милициясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрук кечээ күнү берилген. 

"Эң биринчи кезекте бул кадам алардын коопсуздугу үчүн жасалууда. Анткени айдоочулар инспекторлорду түнкүсүн көрбөй калып жатышат. Анан, албетте, айдоочулар алыс аралыктан Кайгуул милиция кызматкерлерин байкашы керек", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган чыптамаларды кичи инспекторлор гана кийишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0