Исхак Раззаковдун "КР Баатыры" ордени музейге берилет

© Фото / из семейного архива Кадыркула ШадыбековаОдин из основоположников кыргызской государственности Исхак Раззаков(слева с шляпе)
Один из основоположников кыргызской государственности Исхак Раззаков(слева с шляпе) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Раззаковдун тууган-туушкандары, музей жана мэрия кызматкерлери катышат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун "КР Баатыры" ордени жана "Ак шумкар" төш белгиси мемориалдык музейге өткөрүлө турганын мэрия билдирди.

Гениалдуу хирург Иса Ахунбаевдин архивдик сүрөтү (ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Иса Ахунбаев жөнүндө 8 факты. Өзүнө-өзү операция жасаганы эл оозунда айтылып келет
Маалыматка ылайык, сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн саат 14.00дө болуп, аны мамлекеттик ишмердин кызы Элмира Раззакова өткөрүп берет.

Иш-чарага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Раззаковдун тууган-туушкандары, музей жана мэрия кызматкерлери катышат. 

Исхак Раззаков — Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры болгон. 1910-жылы Ферганадагы Кулунду айылында төрөлүп, 1979-жылдын 19-мартында Москвада каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0