Юстиция министрлиги Елисеевдин лицензиясын кантип калыбына келтиргенин айтты

© AFP / DAMIEN MEYER Статуя богини правосудия, архив
Статуя богини правосудия, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензия 2002-жылы берилип, 2010-жылы токтотулган. Анткен менен төңкөрүштөн кийин кайра калыбына келтирилген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Юстиция министрлиги Максим Бакиевдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин лицензиясын кантип калыбына келтиргенин айтып берди. 

Буга чейин ЖМКларда учурдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министрлигин жетектеп турганда мекеме Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтиргендиги, бизнесмен анын жардамы менен Максим Бакиевдин активдерин оффшордук компанияга которгондугу айтылган. Анткен менен Салянова лизенцияны калыбына келтирүүдө кылмыш элементтери жок экенин айткан.

"Елисеев алгач 2002-жылдын 20-августунда адвокаттык лицензия алган. Ал эми 2010-жылдын 20-февралында Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орунбасары болуп дайындалгандыктан лицензиясы убактылуу токтотулган", — деп айтылат маалыматта. 

Юстиция министрлиги 2010-жылдын апрель айындагы төңкөрүштөн кийин Елисеев лицензиясын калыбына келтирүү үчүн арыз менен кайрылганын кошумчалайт. 

"Аталган маселе боюнча ошол кездеги министрдин орун басары Жылдыз Мамбеталиева абалды Саляновага айткан. Ал эми ошондогу министрдин милдетин аткарып жаткан Салянова оозеки түрдө документтерди даярдоо боюнча тапшырма берген. Министрлик тиешелүү документтерди даярдаган соң Салянова кол койгон", — деп белгилейт министрлик. 

2013-жылдын 6-июнь күнкү Ош шаардык сотунун чечимине таянуу менен Юстиция министрлиги ошол эле жылдын 11-октябрь күнү Елисеевдин лицензиясын токтотуу чечимин чыгарган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0