Жалал-Абадда алтын алган кикбоксчуларды салтанат менен тосуп алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек көтөргөн балдар, архивдик сүрөт
Желек көтөргөн балдар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Анапа шаарында өткөн кикбоксинг боюнча турнирде Шамил Мурзаканов алтын медаль тагынган.

Жалал-Абад, 10-окт. — Sputnik. Россиядагы кикбоксинг боюнча мелдеште алтын медаль тагынган спортчуларды Жалал-Абад облусунун бийлиги жана спортчулардын туугандары салтанат менен тосуп алышты. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди. 

Эскерте кетсек, Россиянын Анапа шаарында өткөн кикбоксинг боюнча турнирде Шамил Мурзаканов алтын медаль тагынган. 

"Мен бул ийгиликке жетиш үчүн жети жылдан ашуун машыккам. Буюрса, мээнетимдин акыбети кайтып, алтын медаль тагынып отурам", — деди Мурзаканов.

Спортчуларды жана машыктыруучуларын тосуп алууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, спортчулардын достору менен туугандары келишти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0