23:41 29 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8490
  • RUB1.1195
Коом
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жабдуу жана байытылган ун жагынан колдоо көрсөтсө, ашканалардын ремонтуна шаардык бюджеттен каражат бөлүнмөкчү.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерге окуучуларга 2017-жылдан баштап бериле турган тамак-аштын менюсу сунушталганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгы жана БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты. 

  • Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерге окуучуларга 2017-жылдан баштап бериле турган тамак-аштын менюсу сунушталды.
    Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерге окуучуларга 2017-жылдан баштап бериле турган тамак-аштын менюсу сунушталды.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жолугушууга мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгы жана БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.
    Жолугушууга мэриянын алдындагы билим берүү башкармалыгы жана БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышты.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектеги №64 мектепте ата-энелерге окуучуларга 2017-жылдан баштап бериле турган тамак-аштын менюсу сунушталды.

"Январь айынан баштап өркүндөтүлгөн меню боюнча тамактын минималдык баасы 24 сомду түзүп, Саламаттык сактоо министрлигинин бардык шарт-талабына жооп берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган долбоордун алкагында БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жабдуу жана байытылган ун жагынан колдоо көрсөтсө, ашканалардын ремонтуна шаардык бюджеттен каражат бөлүнмөкчү.

Жолугушууда 14, 27 жана 37 сомдук менюлар да сунушталып, андан жолугушууга келген ата-энелер да ооз тийип көрүштү.

Мектептерде берилүүчү тамак-аштын күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Тема боюнча

Ден соолукпу же билимби? Мектептеги түшкү тамакты жоюунун күңгөйү жана тескейи
Белгилер:
программа, тамак-аш, жолугушуу, мектеп, БУУ

ЭҢ МААНИЛҮҮ