Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 5 саатка муздак суу берилбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКрандан аккан суу. Архивдик сүрөт
Крандан аккан суу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу түтүктөрүндө жасала турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирет.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө беш саатка муздак суу берилбей турганын мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, суу эртең менен саат 9:00дөн тарта токтотулат. 

"Суу берүү Лев Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский жана "Ак-Өргө" жаңы конушунда токтотулат. Ошондой эле Ак-Ордо жаңы конушу, Дыйканчылык институту, №55 орто мектеп, Ленин райондук аскерий комиссариат, №5 мончодо токтотулат", — деп айтылат маалыматта. 

"Бишкексууканал" ишканасы мындай кадам суу түтүктөрүнө жасала турган оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0