Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм жарык дүйнөгө келди

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндөгү ымыркайлар, архивдик сүрөт
Төрөт үйүндөгү ымыркайлар, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операция жолу менен төрөлгөн ымыркайлардын баары эркектер.

ОШ, 8-окт. — Sputnik. Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Ош шаардык стационарынын башчысы Зейнеп Исраилова аймактык кабарчыга билдирди. 

Маалыматка ылайык, үч уулду жарык дүйнөгө алып келген Анара Кудайбердиева 28 жашта. Бул анын үчүнчү төрөтү. Буга чейин бир уул, бир кыз төрөгөн.

"Анара Кудайбердиева Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнөн келди. Анын буту шишип кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Операция жолу менен төрөтүп алдык. Учурда эненин абалы күн сайын жакшырып баратат. Үч эмдин бири 2 килограмм 300 грамм, экинчиси 2 килограмм 200 грамм жана үчүнчүсү 1 килограмм 900 грамм салмак менен төрөлүштү", — деди Зейнеп Исраилова.

Ал сентябрь айында ушул эле төрөт үйүндө уч эм төрөлүп, баары тең кыз болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0