04:24 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
АКШдагы Мэтью деп аталган бороондуу шамал

ТИМ: АКШдагы "Мэтью" бороонунан кыргызстандыктар жабыркаган жок

© REUTERS / PHELAN EBENHACK
Коом
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Шамалдын ылдамдыгы саатына 233 чакырымды түзгөн. Табият кырсыгынан 200дөн ашуун киши каза таап, 61 миңге чукул адам атайын жайларда баш калкалап турат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШдагы "Мэтью" деп аталган бороондуу шамалдан жабыркагандардын арасында КР жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Америкадагы элчилиги Флорида штатында жашаган кыргызстандыктар менен байланышкан. 

"Кыргызстандык жарандар негизги кооптуулук өтүп кеткенин, учурда алар эвакуация чакырыгына карабастан үйлөрүндө отурушканын айтышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Расмий бийлик жарандарды этият болууга чакырып, башка аймактарга кетүүнү сунуштап жатат.

"Мэтью" бороондуу шамалы Гаити аралы жактан келгени айтылды. Анын ылдамдыгы саатына 233 чакырымды түзүп, кырсыктан 200дөн ашуун киши каза болду. Дагы 61 миңге чукул адам атайын жайларда баш калкалап жатат. Дайынсыз жоголгондордун санын учурда тийиштүү кызматтар аныктоодо. 

Ушу тапта "Мэтью" Түштүк Флоридадан өтүп, бир аз басаңдаган ылдамдыгы менен Флориданын түндүк тарабына жана Жоржия штатынын түштүк бөлүгүнө багыт алган. Учурда баш калкалоочу жайлар Жоржия, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарында ачылды.

Тема боюнча

Япониядагы "Чаба" 300 рейсти токтотту
Белгилер:
бороондуу шамал, шамал, ТИМ, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ