Ош жана Кара-Суу шаарларынын айрым аймагында газ болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековГазды күйгүзүп жаткан адам, архивдик сүрөт
Газды күйгүзүп жаткан адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-окт. —Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9-10-октябрь күндөрү Ош менен Кара-Суу шаарларынын айрым бөлүгүндө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең саат 8ден кечки 5ке чейин Оштун Айтиев, Курманжан датка, Ленин, Амир Тимур жана Пахта-Абад көчөлөрү менен чектешкен аймагында, ал эми 10-октябрда Кара-Суу шаарында көгүлтүр от берүү токтотулат.

Ишкана мындай кадам газ куурларындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жасалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0