Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда Жарандык авиация күнү белгиленет. Sputnik Кыргызстан бул жааттагы жагдайга талдоо жүргүзүп, Кыргызстанда кайсы аэропорт жабылышы ыктымал, канча учак "конушу" бар, аба кемелеринин саны канча, учкучтар жетиштүүбү деген суроолорго жооп издеди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Талас", "Нарын", "Казарман", "Жалал-Абад", "Кербен", "Исфана", "Баткен" аэропорттору бар. Анын ичинен Талас жана Кербендеги аэропорттордун тастыктоо күбөлүгү кайтарылып алынып, вертодром катары гана колдонулса, "Нарын", "Казарман" аэропортторун пайдаланууда чектөөлөр бар. 

Кыргызстанда ушу тапта тогуз аэропорт иштейт. Алардын ичинен бешөө — "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Баткен" аэропортторунун эл аралык макамы бар. 

© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР"Манас" аэропортунун биринчи жетекчиси Сатаркулов Э.Б. жана жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Ежов В.Д., 1980-жыл
Первый руководитель аэропорта Манас Сатаркулов Э.Б. и глава отдела гражданской авиации Ежов В.Д.. 1980 год - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропортунун биринчи жетекчиси Сатаркулов Э.Б. жана жарандык авиация башкармалыгынын башчысы Ежов В.Д., 1980-жыл

Манас аэропортундагы учак, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө бүгүн Жарандык авиациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат
Бүгүнкү күндө "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропорттору гана канааттандырарлык абалда болбосо, калган бардык аэродромдор толук оңдоп-түздөөгө муктаж. Атургай жакынкы жылдары Талас жана Кербендеги аэропорттор таптакыр иштен чыгышы ыктымал.

Жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы республиканын бардык аэропорттору "Манас" эл аралык аэропортунун курамына киргендиктен, анын кирешесинин ири бөлүгү аймактардагы аэропортторду кармоого, оңдоп-түзөөгө, кызматкерлердин маянасына, эскирген жабдык жана объектилерди калыбына келтирүүгө жумшаларын белгиледи. 

"Аймактардагы аэропортторго аба кемелеринин жоктугунан үзгүлтүксүз каттамдар аткарылбайт. Тийиштүү түрдө көңүл бурулбай келгендиктен, тилекке каршы, азыр алардын айрымдары абдан кейиштүү абалда. "Талас" жана "Кербен" аэропортторундагы учуп-конуучу тилкелердин техникалык абалынын начардыгынан улам жарактуулук тастыктамасы берилбей келет. Жакынкы эки-үч жылда алардын ишин улантуу да мүмкүн болбой калат", — дешти маалымат кызматтан.

Агенттиктин пикиринде, аймактык аэропортторду камсыздоо жана өнүктүрүүгө мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоо зарыл.

© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРАэропорттун күтүү залы 1975-жыл
Аэропорттун күтүү залы 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/6
Аэропорттун күтүү залы 1975-жыл
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРАэропорттун сырткы көрүнүшү 1975-жыл
Аэропорттун сырткы көрүнүшү 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/6
Аэропорттун сырткы көрүнүшү 1975-жыл
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРМанас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/6
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРМанас аэропорттун ачылышында Турдакун Усубалиев
Манас аэропорттун ачылышында Турдакун Усубалиев - Sputnik Кыргызстан
4/6
Манас аэропорттун ачылышында Турдакун Усубалиев
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРМанас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/6
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРМанас аэропортунун курулушу 1974-жыл
Манас аэропортунун курулушу 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/6
Манас аэропортунун курулушу 1974-жыл
1/6
Аэропорттун күтүү залы 1975-жыл
2/6
Аэропорттун сырткы көрүнүшү 1975-жыл
3/6
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
4/6
Манас аэропорттун ачылышында Турдакун Усубалиев
5/6
Манас аэропорту жаңыртылган кези 1980-жыл
6/6
Манас аэропортунун курулушу 1974-жыл

Канча учагыбыз бар?

Кыргызстанда аба аркылуу жүргүнчү жана жүк ташуучу 13 ишканага лицензия берилсе, азыркы тапта алардын сегизи гана иш жүргүзөт. Калган ишканалар каттамдарын токтоткон. 

© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КРМанас аэропорту 1978-жыл
История международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Манас аэропорту 1978-жыл

Учакка бара жаткан стюардессалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытай Бишкек — Пекин аба каттамын ачуyну талкуулады
Ушул жылдын тогуз айына берилген тастыктама боюнча Кыргызстанда 39 аба кемеси бар. Алардын ичинен 30у – учак, тик учактын саны 9ду түзөт. Учууга жарактуулары болгону – 19. Анын 17си учак болсо, экөө — тик учак. Ми-8МТВ-1 жана Ми-171 он эки кишилик тик учактарын ижарага алууга болот. Акысы саатына 3500 АКШ долларын чапчыйт.

Ушул тапта 512 авиациялык персонал иш алпарат. Каттамдагы учкучтардын саны – 

89, ал эми коммерциялык багытта 70 учкуч бар.

Кайсы өлкөлөргө түз уча алабыз?

Кыргыз жергесинде биринчи үзгүлтүксүз каттам Москва — Бишкек багыты боюнча 1975-жылы 4-майда башталган. Республиканын авиациядагы карлыгачы – эң ири "Манас" аэропортунун тарыхы да ушул күндөн тарта жазылган. Толугу менен 1980-жылы бүткөрүлүп, аталышын да Манас баатырдын урматына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов ыйгарган. 

Ал эми азыркы тапта эл аралык макамын алган "Манас" аэропорту авиациялык да, бейавиациялык да кызматтарды көрсөтүү менен бирге жергиликтүү жана эл аралык аваилинияларды тейлейт. "Манаста" 17 авиакомпания үзгүлтүксүз каттам аткарса, алардын ичинен 12си эл аралык, бешөө гана жергиликтүү ишкана болуп саналат.

Учурда Кыргызстандын аэропортторунан дүйнөнүн 12 өлкөсүнүн 25 шаарына түз учкан каттам бар.

  • Маселен, "Манас" аэропортунан 9 өлкөнүн 23 шаарына түз уча алабыз:
  • РФ: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск, Казан, Сургут, Краснодар, Грозный, Белгород, Челябинск, Иркутск, Абакан;
  • Казакстан: Астана, Алматы;
  • Өзбекстан: Ташкент;
  • Тажикстан: Душанбе;
  • Кытай: Үрүмчү, Кашкар;
  • Түркия: Стамбул;
  • Монголия: Улан-Батор;
  • БАЭ: Дубай;
  • Индия: Дели.

Ал эми Ош эл аралык аэропортунан 3 өлкөнүн 10 шаарына түз учат:

  • РФ: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск, Сургут, Иркутск, Самара;
  • Кытай: Үрүмчү;
  • Түркия: Стамбул.

Каарыган "кара тизме" 

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР авиакомпанияларынын Европага кирбей калышынын сегиз себеби
Кыргызстанда катталган 13 авиакомпания тең кара тизмеге кирген. Бул жагдайдын чечилишине кызыксак, Жарандык авиация департаменти беш багыт боюнча Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндүгүн билдирет. Аталган уюмдун аудиторлору жыл башында атайын иш сапары менен келип, КР жарандык авиация тутумунун абалын текшерген.

Азыркы тапта беш багыт: аба мыйзамдары, Жарандык авиациянын уюштуруу структурасы, аба кемелеринин ишке берилиши, авиациялык персоналдарга күбөлүктөрдүн берилиши жана аба кемелеринин учууга жарактуулугу боюнча планга ылайык иш жүргүзүлүп, далилдөөчү документтер келип түшкөнүнө жараша Учуштардын коопсуздугун камсыздоону жөнгө салчу универсалдык программанын алкагында Үзгүлтүксүз мониторинг механизминин онлайн-системасына жүктөлүүдө.

Кыргызстанда кайсы аэропорт жабылышы ыктымал, канча учак "конушу" бар, аба кемелеринин саны канча, учкучтар жетиштүүбү деген суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0