Бишкек мэриясы алгачкы балдар хосписине имарат бөлүп берди

© пресс-служба мэрии города БишкекКыргызстандагы биринчи балдар хосписине арналган имараттын сүрөтү
Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине арналган имараттын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет коммуналдык тейлөө чыгымдарын мойнуна ала турган болду.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине имарат бергенин муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэриясы Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине имарат бергенин муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты
Бишкек мэриясы Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине имарат бергенин муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек мэриясы Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине имарат бергенин муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты
© пресс-служба мэрии города БишкекЭми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда.
Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда.
1/2
Бишкек мэриясы Кыргызстандагы биринчи балдар хосписине имарат бергенин муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты
2/2
Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда.

Бейшемби күнү мэр Албек Ибраимов "Жардам берүү жеңил" фондусунун жетекчиси жана хоспистин негиздөөчүсү Динара Аляева менен жолугушкан. 

Оорукана кызматкерлеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бейтаптардын азайышынан кургак учук ооруканасы жабылмай болду
Аляеванын кайрылуусун эске алган мэрия балдар хосписине Жаш Гвардия 71а дарегинде жайгашкан имараттан орун берди. Аталган имарат буга чейин №2 балдар кургак учук ооруканасы катары иш алып барып келген. Ал кургак учукка каршы күрөшүү кызматын оптимизациялоо үчүн жабылган. 

Эми имараттын экинчи кабатында балдар хосписи иштей баштайт. Ал эми биринчи кабатта райондун калкын тейлөөчү Тез жардам кызматын жайгаштыруу пландалууда. 

Муниципалитет коммуналдык тейлөө чыгымдарын мойнуна ала турган болду. Мындан тышкары, имаратты ижарага берүүдө 100 пайыздык жеңилдик көрсөтүү сунушу Бишкек шаардык кеңешине берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0