Жогорку Кеңеште актер Мурадиллаевге жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлдү

© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым"Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролун жараткан актер Азиз Мурадиллаев
Курманжан датка тасмасында Алымбек датканын ролун жараткан актер Азиз Мурадиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Чыныбай Турсунбековго төраганын фондунан керектүү каражат бөлүп берүү сунушун айтты.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер талкууланган саатта "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров "Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын ролун жараткан актер Азиз Мурадиллаевге акчалай жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү.

Мындай сунушун депутат төрага Чыныбай Турсунбеков менен өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темирбаевге жолдоду. 

"Мурадиллаев Гепатит С дартына чалдыгып оор кырдаалда ооруканада жатыптыр. Социалдык тармактын колдонуучулары жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуп жатышат. Чыгармачыл адамдарды биз дагы колдошубуз керек", — деп билдирди Бакиров.

Ал Турсунбековго төраганын фондунан керектүү каражат бөлүп берүү сунушун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0