Депутат: азан айтуу айылдыктардын уйкусун бузууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечит, архивдик сүрөт
Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңеште депутаттар ар кандай маселелерди карап жатышат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Азан айыл тургундарынын уйкусун бузууда. Бул тууралуу "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов
Депутат Болотбек Ибраимжанов - Sputnik Кыргызстан
"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов

Анын айтымында, айылдарда азан катуу айтылат. 

"Айыл жергесинде намаз окуу үчүн айтылган азандар тургундардын уйкусун бузуп жатат. Бул тууралуу шайлоочуларыбыз кайрылышты. Эреже боюнча саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынып, элдин тынчтыгын бузган нерселерге чектөө киригизилген. Анткен менен ал чектөөлөр сакталбай келет", — деди депутат. 

Ал аймактагы тургундар кафелердеги катуу музыкаларга да каршы чыгып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0