Бишкекте айыл чарба азыгынын үч күндүк жарманкеси өтөт

Жазылуу
Мында байыркы рецептер менен даярдалган суусундуктар, бал жана эт-сүт азыктары тартууланат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-16-октябрь күндөрү Кыргыз улуттук агрардык университеттин жанында табигый жана органикалык азык-түлүктүн көргөзмө-жарманкеси өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Иш-чара бешинчи ирет тартууланат.

"Көргөзмөгө бал, эт-сүт азыктары, жер-жемиштер, улуттук суусундуктар коюлат. Мындан тышкары, келгендер кол өнөрчүлөрдүн эмгегине да күбө болушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жарманкеге Кыргызстандын бардык облустарынан табигый, органикалык продукция даярдаган ишканалар катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0