Мэрия: инвесторлор Бишкекке жол, көпүрө салууга кызыкдар болууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКөпүрө куруучу. Архивдик сүрөт
Көпүрө куруучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик ишкерлер менен жолуккан калаа башчысы Албек Ибраимов буга чейин жасалган долбоорлор тууралуу маалымат алды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ишкерлердин консорциуму Бишкек шаарына жол, көпүрө жана туннель курууга кызыкдар. Бул тууралуу муниципалитет билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Албек Ибраимов Иран, Испания, Монголия, Казакстанда иштеп бир консорциумга бириккен инвесторлор менен жолукту. 

Иш-чарага катышкан инвесторлор долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берип, Бишкек шаарында көпүрө, туннель жана жаңы жолдорду курууга кызыкдар экенин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0