Бишкек мэриясы үйлөргө жылуулукту 1-ноябрга чейин бериши мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы, архивдик сүрөт
Жылуулук батареясы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер сыртта беш күн бою абанын температурасы 8 градустан төмөн болгондо жылуулук бериле баштайт. Адатта үйлөргө жылуулук 1-ноябрдан тарта берилет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Эгер муктаждык жаралса турак жайларга жылуулук 1-ноябрга чейин берилиши мүмкүн экенин калаа башчысы Албек Ибраимов билдирди.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, Ибраимов шаардагы казан мештердин жылытуу сезонуна карата даярдыгы боюнча жыйын курду.

ЖМК өкүлдөрү "Ботсад", "Факел" жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканаларынын казан мештеринин абалы менен таанышты.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү толугу менен жүрүп жатканын айтты. Адатта жылытуу сезону 1-ноябрда башталып, 31-мартта аяктайт. Ибраимов эгер муктаждык болсо жылытуу сезону эрте башталышы ыктымалдыгын айтты.

"Бишкек шаарында жылытуу сезонун баштоо жөнүндөгү" буйрукка ылайык, сыртта беш күн бою абанын температурасы 8 градустан төмөн болгону катталса, жылуулук бериле баштайт. 

Ошондой эле, журналисттерге "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын карамагында 60 казан меш бар, алардын 24ү газ менен, 22си көмүр, 11и электр энергиясы жана 3 казан меш аралашкан отун менен иштейт.

Ишкана ысык суу менен 28 миңден ашык кишини жана 525 турак үйдү, 56 билим берүү 12 саламаттык сактоо мекемесин камсыздайт. Ошондой эле 19 бюджеттик жана 95 коммерциялык ишканалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0