04:50 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
514661

Кыргызстандын сулуусу кийинүү стилин өзгөрткөн. Ал өзүнүн хиджап кийип турган сүрөтүн Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын The Daily Mail гезити хиджап кийген "Кыргызстан сулуусу — 2014" конкурсунун жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова жөнүндө жазды.

Кыргызстандын чүрөгү эми мындан ары хиджап кийип жүрө тургандыгын өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

"Узун чачтуу кыргыз модели эми хиджап кийип жүрөрүн айтып күйөрмандарын таңгалдырды", — деген тема менен Британиянын басылмасы материалын жарыялаган.

Аталган басылма Аликжанова "сулуулук ханышасы" болуп келгенин, Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулук конкурстарына катышканын жазат. Ошондой эле 2014-жылы Лондон шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу — 2014" конкурсуна келгенин маалымдаган.

"Анын жаңы образы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты. Ага ыраазы болгондор жана жек көргөндөр да болду", — деп жазат Daily Mail.

Британ басылмасы Кыргызстандын сулуусу кайрымдуулук иштери менен алектенип, мусулмандарга ыңгайлашкан кийимдерди чыгара турганын да жазат.

Тема боюнча

Кыргызстандын чүрөгү: оронгон жоолугум карьерама жолтоо болбойт
КР сулуусу "Дүйнө модели" сынагына алгач ирет катышат
Белгилер:
Айкөл Аликжанова, The Daily Mail, сулуулук, хиджаб

ЭҢ МААНИЛҮҮ