Кыргызстан, Россия ИИМдери бирдиктүү маалыматтык системаны түзүүгө ниеттенип жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДактилоскопия. Архивдик сүрөт
Дактилоскопия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү база дактилоскопия жана башка маалыматтарды колдонуу менен күнөөлүүлөрдү тез арада издөөгө жардам берет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлигинин делегациясы Кыргызстандагы кесиптештери менен бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү тууралу талкуу жүргүзгөнү келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кызматкерлери мамлекет аралык байланышты жакшыртуу, маалымат жана теле байланыш системасын КМШ аймагында түзүүнү талкуулайт.

ИИМдин орун басары Курсан Асанов кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө КМШ мүчө мамлекеттеринин укук коргоо органдары бир байланыш тармагына ээ болуусу зарыл деген пикирде.

"Биз эл аралык маалымат базасын бир деңгээлде түзүү жана колдонуубуз керек. Мамлекет аралык база процедурасы, бирдиктүү мамлекеттик дактилоскопиясынын эсепке алуусу абдан актуалдуу", — деди Асанов.

ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен Япония элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
ИИМ менен Япония элчилиги кызматташуунун жаңы жолун издейт
ИИМ бул кызматташуу дактилоскопиянын жардамы менен өлтүрүлгөндөрдүн аты-жөнүн, кырсыка учурагандарды аныктоо иштерин мындан ары да жакшыртууга өбөлгө болорун түшүндүрдү.

Тараптар эми кылмыштуулукту алдына алуу максатында дактилоскопияны эсепке алуу, таанылбаган өлүктөрдү аныктоо, кылмышкерлердин аты-жөнүн тактоо боюнча кеңири талкуу жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0