Бишкекте кыздардын укуктары тууралуу талкуу жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцертте катышкан кыз. Архивдик сүрөт
Концертте катышкан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара эссе сынагы, тренингдер, спорттук иш-чаралар, фотокөргөзмө жана флешмоб аркылуу коомдун көңүлүн кыздардын маселелерине бурдурууга багытталат.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте 11-октябрда кыздардын эл аралык күнү белгиленет. Аталган иш-чараны Bread for the world эл аралык уюмдун колдоосу менен "Балдарды коргоо борбору" уюштурууда.

Бул датага арналган иш-чара борбордо 1-10-октябрга белгиленген. Анын алкагында кыздар кабылган көйгөйлөргө коомдун көңүлүн буруу, алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн окуучулар арасында кыздардын укуктары боюнча эсселер, тренинг, спорттук иш-чаралар, театр-форумдар, фотокөргөзмө жана флешбомдор өткөрүлөт.

"Акцияга №10, 8, 57 мектептери активдүү катышууда. Кыздардын укуктарын колдоо боюнча иш-чаранын жыйынтыктоо 11-октябрда өтөт", — дейт коомдук бирикменин социалдык кызматкери Айнура Эмирканова. 

Эл аралык кыздар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2012-жылдын 11-октябрынан бери белгиленип келет. Резолюцияны кабыл алуу сунушун Канада демилгелеген. Майрам дүйнө жүзү боюнча кыздардын укуктарын таанууга негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0