Сот: күбөлөр Аскаров кылмыш болгон жерде жүргөндүгүн айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековАзимжан Аскаровду июнь коогалаңы боюнча сотто
Азимжан Аскаровду июнь коогалаңы боюнча сотто - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азимжан Аскаровду сот улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыкты уюштургандыгы, 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда милиция кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон.

БИШКЕК, 4-окт. – Sputnik. Бүгүнкү сотто күбөлөр Азимжан Аскаровду июнь коогалаңында Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн жерде жүргөнүн көрүшкөнүн айтышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан кабарчысы сот залынан билдирди.

Шейшемби күнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын Күзөт департаментинин имаратында Чүй облустук сотунун көчмө жыйыны Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. Аскаров 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык жаңжалды козуткан жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

"Ал топтун арасына туруп алып милиция менен кыргыздарды өлтүрүүгө чакырды. Ал киши өлтүргөндөргө буйрук берген",— дешти күбө катары соттон өтүп жаткандар.

Аскаров мындан кийин күбөлөрдүн ар биринен кандай кийим менен жүргөнүмдү айтып бергиле деди. Ал эки күбөлөр анын кийимин эстеп кала албагандыгын "андай жүрөк үшүн алган окуяда кийимге эмес кишилердин бетин гана көрүп, эстеп калгандарын" айтышты.

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров сотто күбөлөрдү кайра сурап чыгууну талап кылууда
2016-жылдын 12-июлунда Жогорку сот Жалал-Абаддын облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, 2010-жылдын июнь айында улут аралык араздашууну тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотко жөнөткөн

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан. ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгын ыйгарышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын Күзөт департаментинин имаратында Чүй облустук сотунун көчмө жыйыны Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат
Суд над Азимжаном Аскаровым, обвиняемым в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году - Sputnik Кыргызстан
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын Күзөт департаментинин имаратында Чүй облустук сотунун көчмө жыйыны Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат

Президент Алмазбек Атамбаев муну чагымчылык катары баалаган

Ал эми ЖКнын бир катар өкүлдөрү, коомчулук Аскаров боюнча БУУ комитетинин бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгаруу талабы туура эмес экенин белгилеп, мамлекеттин ички ишине кийлигишкендик болуп каларын айткан.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов ЕККУда: Кадыржан Батыров өз сөзү менен өлкөдөгү тынчтыкты бузууда
АКШнын мамдепартаментине жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Азимжан Аскаровдун маселесин жакында эле кайрадан ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда июнь окуялары боюнча издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров тарабынан да көтөрүлгөн. Ал жерден качкын Батыров кыргыз соту Аскаровго карата адилетсиз өкүм чыгарганын айткан жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0