Мамкаттоо: "өзгөчө" номер сатуунун эсебинен 548 балага жөлөк пул төлөөгө болот

Жазылуу
Кыргызстандын бюджетине 001 ААА номерин сатуудан болжол менен 450 миң сом каражат түшөт. Бул акчадан балдарга жөлөк пул же пенсия төлөп берүүгө болот.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Онлайн-аукциондун катышуучусу бүгүн 01 001 ААА өзгөчө комбинациялуу номерин 592 миң сомго сатып алганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жеңүүчүгө өлкө казынасына болгон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"592 миң сомдун 450 миңи бюджетке которулат. Бул каражатка 548 балага жөлөк пул же 4700 сом алган 100 пенсионерге пенсия төлөп берүүгө болот", — деди ал жеңүүчүгө сертификат тапшырып жатып.

Каттоо кызматы 28-сентябрда болуп өткөн аукциондун жыйынтыгы менен 594 миң сом сунуштаган №1 катышуучу жеңүүчү болгонун белгилейт. Бирок ал үч күндүн ичинде төлөшү керек болгон сумманы которбогондуктан, номерге башка киши ээлик кылып калган.

"Өзгөчө" номер сатуудан түшкөн акчанын 91 пайызы республикалык бюджетке түшсө, 9 пайызы онлайн-аукцион өткөрүүгө укуктуу "Инфоком" мамелкеттик ишканасынын эсебинде калат. Аукциондун башкы өзгөчөлүгү — сооданын ачык жана айкын өтүшү. 

Аукционго катышуунун эрежелери

Глава Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев наблюдает за аукционом по продаже государственного номера 777ААА - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев 777ААА номеринин сатылышын кайрымдуулук катары сыпаттады
Электрондук тейлөө көрсөтүү www.e.srs.kg порталында "Онлайн-аукцион" бөлүмү бар, ага www.nomer.srs.kg дареги боюнча кирүүгө болот. Жеке кабинетке кирүү үчүн "Катталуу" торчосун басыңыз жана өзүңүздүн мобилдик номерди (XXX)-XXX-XXX форматында киргизиңиз; "Паспорт номери" талаасын басып, паспорттун (ID-карта) номери менен сериясын ANXXXXXXX форматында, ошондой эле өзүңүздүн ПИН-номериңизди (персоналдык идентификациялык номериңизди) көрсөтүңүз. Сиз жиберген телефон номерине онлайн-аукционго кириш үчүн сыр сөз жазылган SMS-эскертүү келет. 

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тартып кадимки "тамга — төрт цифра — тамга" болгон номерлердин ордуна үч сан жана үч тамга менен кооздолгон мамлекеттик номерлердин комплектилерин берүүнү баштаган. Бул номерлерде болгону улуттук туунун сүрөтү эл аралык Кыргызстан — KG коду менен сакталып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0