Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүСтоматологдор. Архивдик сүрөт
Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оозуңду араандай ачып тишиңди өгөөлөтүп, чукуп тазалатуу кимге болбосун жагымсыз. Тиш доктурдун аспабынын зырылдаган үнүн укканда коркуу сезими оргуштап кетери чындык. Журналист Гүлдана Талантбекова тиш оорунун себептерин жана дарылатуунун жаңы ыкмаларын билип көрдү.

Стоматолог Асира Жанузакова отуз жылдан ашуун тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет. Анын кабинетине сүйүнүп, ошол эле учурда кабагын салып келген кишилерди көрүүгө болот. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаТиш доктур Асира Жанузакова
Столичный стоматолог Асира Жанузакова - Sputnik Кыргызстан
Тиш доктур Асира Жанузакова

— Адатта зыркыраган тиш оору менен күндүр-түндүр алышасың. Анан "сениби, шашпа" деп стоматологдун кабинетине келсең тып басылып калат. Мындай окуяга көп эле адамдар кабылса керек?
— Бул психологиялык себептер менен түшүндүрүлөт. Биздин кабинетке кирген адам өзүн жооткотуп эми мындан кийин тиш оорудан арылам деп келет да.

— Күндүзү го кыбырап жүрүп билинбейт. Түнкүсүн тишиң лукулдап ооруп баштаганда жаныңды коёрго жер таппай кыйналасың… 
— Түнкүсүн баштала турчу тиш оорунун түрү пульпит деп аталат. Ал дайыма кечкисин ооруйт. Башкача айтканда, адам горизонталдуу жатканда кан топтолуп нервге таасирин тийгизет. Эртең менен басылып калат. Эгерде пародонтит болсо ал күнү-түнү тынчтык бербейт. Биз ошон үчүн оорулуулардан тишинин кайсы убакта ооруп баштарын сурайбыз. Ысыкта, суукта, күнү же түнү сыркоолоп баштаганына карап диагнозду коюп алса болот. Кээ бирөөнөн сурасаң "иши кылса ооруйт да" деп ачууланат. 

— Биринчи эле келгенде бейтаптын эмнесине көңүл бурасыз?

Марафончулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ден соолук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 113-орунда турат
— Тишинин кыйшык экенин байкабагандар бар. Мен көп жыл балдар дарыгери болуп иштедим. Упчуну же бармагын соргон балдардын маңдайкы тиштери бирикпей калат. Анан кайкайган тиштер келип чыгат. Тиштер негизи бири-бирине кыналышып, үстүңкүсү астыңкыларын бир аз кымтып турушу керек. Аларды кеч боло электе ортодонт деген адиске жиберебиз. Жулдуруш үчүн хирургга, салдырыш үчүн ортопедге, бүйлө болсо пародонтолог, анан дарылоо иштерин биз — терапевттер кылабыз. Азыр стоматологдор эле бир нече багытка бөлүнгөн. 

— Тиштин өңү менен ички аппараттардын тыгыз байланышы бар дешет. Жүгөрүдөй саргарган тиштер эмненин белгиси?
— Негизи азиаттардын тиши берметтей аппак болот дегенден алыспыз. Бир аз сарыраак келет. Өзгөчө бир сары түскө боёлуп калгандар бар. Алар өтү ооруп оозуна дайыма сары зил келип тургандар. Кофе иче бергенде да башкача өң пайда болот. Анан көпчүлүк тишимди агартат элем деп айта берет. Эгерде табиятынан тиштин өңү ошондой болсо, аны берметтей кылам деп убара болуунун кажети жок. Ал эмалдарга эле зыян. 

— Азыр көбү тишти жулдуруудан көрө дарылатууга ыктап калышты. Көбүнчө кайсы пломба эффективдүү?
— Пломбанын материалына жараша түрлөрү, аттары да арбын. Чоң топтору фото пломба, химия пломба, стеклоиономер жана кадимкидей цементтер бар. Бизге келгендер "пломба койдурат элем, баасы канча" деп сапатынан мурун акчасына санаа тартышат. 

— Ошондо кымбаты жана арзаны кайсылар?
— Кымбаты фото пломба. Алар өңдөрүнө жараша жасалып, атайын лампа менен катырылат. Ал аябай катуу жана жылмакай келет. Керек болсо жарты тишти кыр чыгарып түгөл тиш кылып койсоң болот. Арзаны — оюлган жерди жөн гана толтуруп койгон цементтер. Илгери тишти тазалап туруп пломбалап эле койчубуз. Азыр колдон келишинче тишти баштапкы абалына келтиргенге аракет жасайбыз. Мындан улам стоматолог-реставратор деген түшүнүк пайда болду. 

— Бир тиш бир операцияга барабар деп коюшат эмеспи. Ооруну сездирбей турган уколдорду ыгы жок колдоно берүү зыян болбойбу?
— Уколдор аз өлчөмдө сарпталгандыктан ооздун айланасына эле таасир берет. Өзгөчө зыяны жок. Ошол эле уколду кош бойлууларга, кичинекей балдарга деле жасаса болот. 

Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
— Уколу жок деле жасатып жүргөндөр бар да?
— Азыр элдин баары уколго көнүп калышты. Аны колдонуу бейтапка да, дарыгерге да ыңгайлуу. Бирок аллергиясы барларга укол бербейбиз. Аларды мурункудай тишинин үстүн ачып мышыяктан толтуруп койсо, айрым бир убакта нервдер өлөт. Анан ишти уланта беребиз. Айрымдар наркоздук дарыланууну жакшы көрүшөт. Мында бир күн ичинде бир нече тишинди жулдуруп, дарылатсаң болот. 

— Эмнеден улам эс-учун жоготуп коюшат?
— Көбүнчө эркек балдар коркконунан эси оой берет.

— Эркек балдарбы?
— Алар канды көргөндө эле өздөрүн жоготушат. Аялдар болсо чыдамкай келишет. Коркуп, карды ачка келип жыгылгандар болот. Көбү аппараттын дырылдап иштегенин көргөндө психологиялык жактан кооптоно баштайт.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаСтоматолог Асира Жанузакова отуз жылдан ашуун тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет.
Стоматолог Асира Жанузакова отуз жылдан ашуун тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Стоматолог Асира Жанузакова отуз жылдан ашуун тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет.
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаАнын кабинетине сүйүнүп, ошол эле учурда кабагын салып келген кишилерди көрүүгө болот.
Анын кабинетине сүйүнүп, ошол эле учурда кабагын салып келген кишилерди көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын кабинетине сүйүнүп, ошол эле учурда кабагын салып келген кишилерди көрүүгө болот.
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаСтоматолог Асира Жанузакова иш учурунда
Стоматолог Асира Жанузакова иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
3/3
Стоматолог Асира Жанузакова иш учурунда
1/3
Стоматолог Асира Жанузакова отуз жылдан ашуун тиши ооругандардын азабын арылтуу менен алектенип келет.
2/3
Анын кабинетине сүйүнүп, ошол эле учурда кабагын салып келген кишилерди көрүүгө болот.
3/3
Стоматолог Асира Жанузакова иш учурунда

— Сиздин практикаңызда мындайлар көп болсо керек?
— Бир баланын кариесин тазалап, пломба койгону аппараттарды дайындап жаткам. Бир маалда креслодо жаткан жеринен шалак этип кулап түштү. Мен ошондон кийин жарым жылча жүрөгүм түшүп жүрдү. Кийин уксам, ал баланын өзүнүн эле аруусу бар экен. Мындайлар көп болот. 

— Бейтап менен иштешүүдө дагы кандай кыйынчылыктарга тушугасыз?
— Кээ бир адамдардын оозу оймоктой болуп ачылбайт. Анан азуу тиштерге жете албай кыйналабыз. 

— Оозун араандай кылып ачып бергенден деле тартынышса керек?
— Ооруп жатса каяктагы уялган. Тартынып кайда барасың? Андан көрө чыдап дарылатып алган дурус.

— Кара туз менен чайкаганда тиш оору басылып калды деп угуп жүрөм. Өзүм мындай ыкмаларды көп жактыра бербейм. Канчалык ишенсе болот?
— Кара туз менен чайкаганда тиш эмес, бүйлөнүн ооруганы басылып калат. Кычыктарына тамак тыгылып, ириңдейин деп калганда туздуу шор менен чайкап койсо бүйлө бир аз эс ала түшөт. Тиш өзү ооруса туздуу суу жардам бере албайт. Бүйлөнү дагы марганцовка, фурацилин менен чайкаса болот.

— Айрым учурда муздак сууну оозуңда кармап турсаң оору басыла түшөт го?
— Ал пульпит менен пародонтиттен болот. Пародонтит муздак сууну сүйөт. Пульпитте тескерисинче шамал, муздак суу бычактай тиет. 

— Бүйлөнүн үстүндө кошумча тиштери барлар кездешет. Чындыгында жагымсыз көрүнөт. Ал эмнеден болушу мүмкүн?
— Кошумча тиштер өтө сейрек кездешет. Сүт тиштерди эрте жулдуруп салганда жаактын өсүшү басаңдап калат. Кийин туруктуу тиштер чыкканда сүт тиштер да чыгып бири-бирине атаандашып жатып кайсы бир тиштер батпай таңдайга же бүйлө тарапка өтүп кетет. Ошону көпчүлүгү ууру тиш деп түшүнүшөт.

— Андай тиштерди дарылап же жулдурган оорчулук жаратса керек?

Операция жасап жаткан хирургдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Тубаса кереңдик, үмүт, шыпаагер. Бишкекте жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
— Аларды стоматолог-ортодонт түртүп, ордуна коет. Шаардык балдардын баары эле ортодонттон көз каранды. Анткени алар төрөлгөндөн баштап жумшак нан, булочкаларды жешет. Мында жаактын өсүшү үчүн күч келбей калат. Чоңойгондо брекет салдырып айлап-жылдап жүргөнгө туура келет. Айылдын балдарында мындай көйгөй сейрек кездешет. Колдун наны кадимкидей тишке жана жаакка күч келтирип, тиштердин кычыгындагы кирлерди да чыгарып кетет. Ошондуктан элеттиктердин тиши бекем жана кайраттуу келет. 

— Убакыт алмашкан сайын талаптар да өзгөрөт экен. Бир жылдары билесизби, жаркыраган алтын тиш салдыруу мода болуп кетпеди беле?
— Менин бир байтабым айткандай окууга өтпөй калса, атасы "ыйлаба кызым, мен сага алтын тиш салдырып берем" дептир. Чындыгында бир жылдары алтынга өзгөчө басым жасашкан. Азыр тиштин өзүнүн өңүндөй кылып салдыруу актуалдуу. Бирок алтын мурдагыдай эле кымбат. Маңдайкы тиштердин ак болгону жакшы. Азуу тиштерге алтындан салып койсо башка тиш өгөлөнбөйт. Бул жагынан алтын утат.

Жаңылыктар түрмөгү
0