Жүрөгү Кыргызстанда калган египеттик жигит менен эки ооз кеп

© Фото / предоставлено Могаммедом ЭльбангиЕгипеттик жаш саякатчы Могаммед Эльбанги
Египеттик жаш саякатчы Могаммед Эльбанги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттик жаш саякатчы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек куруп, Кыргызстандан өз өлкөсүнө эмнелерди алып кетмектигин айтып берди.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жаш архитектор Могаммед Эльбанги фотограф кесибин аркалап, ушундан үзүр көрүп келет. Быйыл жайында объективи менен Кыргызстанга келип, өлкөнүн жашоо-турмушун, жаратылышын тартып кетти.

— Саякат үчүн эмнеге Кыргызстанды тандап алдыңыз?
— Эки жарым жылдан бери саякаттап келем. Былтыр Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыдыргам. Литвада кыргызстандык кыз менен таанышып, ал ушул жакка келишиме түрткү болду.

Бир жылдан кийин туризмди өнүктүрүү боюнча "Жайкы саякат-2016" студенттик программасынын алкагында Кыргызстанга келип калдым. Биздин топто эки фотограф, эки блоггер, анан бир видеограф бар. Баарыбыз Кыргызстанды түрө кыдырып чыктык. Максатыбыз — өлкөңөрдүн кооздугун сүрөттөр жана блогдор аркылуу дүйнөгө жайылтуу.

— Анан? Жактыбы?
— Мен мындайды күткөн эмесмин. Ажайып өлкөдө жашайт экенсиңер! Менин мекенимде мындай жок. Сүрөткө тарта бердим, тарта бердим… Кийин аларды көрүп алып, ого бетер таң калдым.

— Мисалы, Египет десек эле пирамидаларды ойлойбуз. Сиздин баамыңызда Кыргызстанды эмне менен элестетүүгө болот?
— Асман тиреген тоолор, тунук көлдөр менен. Колумдан келсе бул кооздукту Египетке алып кетет элем. Бизде мындай жок. Бирок экинчи жагынан биздин пирамидалар жана байыркы храмдар менен Кыргызстандын көркү мындан да ачыла түшсө керек.

— Кыргызстандык бийкечтин чакыруусу менен келип калдым деп жатасыз, негизи биздин селкилер кандай экен? Жактыбы?
— Кыздар абдан мээримдүү болот экен. Жардам сурасаң, эч качан жок дебейт. Буга бир нече жолу күбө болдум. Фотоаппаратымды жоготуп алып, кечке издедим. Кабагыма кар жаап турсам бейтааныш эле кыз келип табышканга көмөк көрсөттү.

— Египеттиктер менен кыргызстандыктарды бириктире турган бир нерсе байкай алдыңызбы?
— Ооба, каада-салт жагынан окшоштуктар бар экен. Мисалы, дасторконго отурар алдында бата тилеп, тамакка улуусу ооз тиймейинче кол салбаган каадабыз окшош экен.

— Дагы келесизби?
— Кышкы кооздукту көрүп кет деген сунуштар болду. Кыш мезгилин боолгоп туруп келип кетем.

Кыргызстандын жаратылышына арбалган египеттик саякатчынын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0