Мэр Арпачиев: Каракол шаарында 300дөй түтүн жарыксыз отурат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр лампочкасы, архивдик сүрөт
Электр лампочкасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаарынын мэри маселе түштөн кийин чечилип каларын кошумчалады.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Учурда Каракол шаарында 300дөй түтүн жарыксыз отурат. Бул тууралуу калаа башчысы Данияр Арпачиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 2-октябрь күнү жааган кардан улам бактардын бутактары сынып, электр зымдарын үзүп, шаардын айрым жерлери жарыксыз калган

"2-октябрдан кийин кечээ күнү жарык берилген. Бирок кардан улам 6 трансформатор иштен чыккан экен, учурда аларды калыбына келтирүү жүрүп жатат. Ошол трансформаторлорго кошулган 300дөй түтүн жарыксыз отурат", — деди Арпачиев. 

Шаар мэри маселе түштөн кийин чечилип каларын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0